Бир чоң эже жаным дейт.
Бир чоң эже жаным дейт. Тиги бул деп, жанын жейт. Мени алсаң сен эмес- Мен калың беремин дейт. Сүйдүм сени иним дейт- Ичиңде жок кириң дейт. Чоң экенсиң кой десем- Ачууланып блиин дейт. Сүйсөм кантип танам дейт. Эмне дейсиң анан дейт. Аял эле болбостон- Энең болуп алам дейт. Унаа белек кылам дейт- Айтканың бүт угам дейт. Зарыктырбай колуңа, Акча берип турам дейт. Сени сүйгөн жүрөк дейт- Өтө кеттим жүдөп дейт. Мындайдан бир сен эмес- Галкин деле жүрөт дейт. Элестетип маздасын- Оо Кудай ай сактасын. Акча акча дей берсе. Көнүп кете жаздадым))